Асманда күтөт Теңир балдарын, Камдап аларга керемет жайларын. Шилтейм кадамды тайманбай асманга, Ишенем, ишенем, Теңир алдымда. Чыйыр жол бар, асманга алып барат. Өзүм издеп, ал жолду таба албайм. Үнүңдү угуп, келемин артыңдан, Ишенем, ишенем, Теңир алдымда. Ал жайга жүрөгүм эргип умтулам, Теңир, мен Сага чөгөлөп кайрылам. Өтүнөмүн, болчу дайым жанымда, Ишенем, ишенем, Теңир алдымда. Жердеги өмүрдүн бүтөр күнү бар, Кайгынын, катаал тагдырдын чеги бар. Азап-кайгыда Сен мени калтырба, Ишенем, ишенем, Теңир алдымда.Se sarai con me Szent vagy Ry fanahy mangetaheta Dio farà una via مئسئر kyf lạ ạḥbk rḍy̱ by wḥn ʿly Dammi quella pace تسبيح يعلالك ويزيد Раб Ихтияджъм Вар
Song not available - connect to internet to try again?