Баарыңарга тынчтык болсун, коркпогула, Теңир Ыйса куткаруучубуз төрөлдү. Шайтандын колунан алды, адашкан кезде. Сизге кубаныч алып келдик, кубаналы, Сизге сүйүнүч алып келдик. Көктөгү Атабыздан периште келди, Чабандарга жарыялады жакшы кабарды. Кудайдын Уулу жарык дүйнөгө келди. Сизге кубаныч алып келдик, кубаналы, Сизге сүйүнүч алып келдик. Чабандар шаттанып Бейт-Лехемге келишти, Акырда жаткан Ыйык Наристени табышты, Мариям менен бирге Теңирди даңкташты. Сизге кубаныч алып келдик, кубаналы, Сизге сүйүнүч алып келдик. Эми чогуу Кудайга шүгүрлөр айталы, Бири-бирибизди боордоштукта сүйөлү, Ыйсанын туулган күнүндө шаттаналы. Сизге кубаныч алып келдик, кубаналы, Сизге сүйүнүч алып келдик.ياللي بديت الرحلة معايا هيا بفرح نشدوا للرب Святилище благое пою я о тебе Ты без границ всё способен изменить. Покрытый ранами поверженный во прах Jézus, a szívemben élsz Tmy šumia Hívlak, Uram, várlak, Uram Протяни свою руку Umr qisqa
Song not available - connect to internet to try again?