Билдиңерби деги бүгүн кандай күн? Куткаруучум Ыйса Теңир келген күн, Күнөөкөрлөр кыйла кылым күтүшкөн, Улуу Кудай ыйык Уулун берген күн. Кудай Уулу - көптөн күткөн Машайак, Келген бүгүн ушул жарык дүйнөгө. Эмануел - Кудай Өзү биз менен, Келди баарын жарыгына үндөөгө. Нечен адам көрбөй кеткен бул күндү, Нечен адам укпай кеткен бул үндү. Нечен адам көздөн жашын тамызып, Кайрат менен күтүп келген бул күндү. Кубан, ырда, даңкта Ыйса Теңирди! Ал куткарат сени, мени, элимди. Келгин дагы, кечирим ал Ыйсадан, Кызматына бекем буугун белиңди.Дюняя Ъшък Доду Ярко засияла Звезда над землею N-am înţeles chemarea-Ți dulce lyk fy̱ qlby Hari Minggu, Hari Yang Mulia ربي منقذي حبيبي lw trkt ạlạ̉rḍ ḥạlạaⁿ على حساب الدم Ել Քո Նավից Гүдрəтлə јаратдын
Song not available - connect to internet to try again?