Бүгүн мен таң эртеден Сага келип, Жолумда издериңди издебедим. Адашып каларымды ойлобой эч, Айтууга сөзүм жоктой үндөбөдүм. Кайсалап таппай калдым ошондуктан, Кай жакка багыт алып баратканым, Өзүңө бүт өмүрүм арнаймын деп, Умтулган максаттарым жаратпадым. Ошондо мен Өзүңө келбей калып, Сөзүңө убактымды бөлбөй калып, Айласыз ара жолдо турганымда, Өзүң келдиң жүрөгүмдөн орун алып. Келдиң да, абалымды айтып бердиң, Көрсөттүң менин эмне болгонумду. Сөздөрүңдү колума кармап жүрүп, Жүрөгүмдү жоготуп койгонумду. Кастарлап кармап жүрбөй жүрөгүмө, Жөн эле чөнтөгүмө салыптырмын, Сөзүңө абдан муктаж экенимди Кенебей, сезбес болуп алыптырмын. Кудайым, кечире көр, тобо кылам, Сөзүңдү жүрөгүмө салайынчы, Адашпай Сенин баскан издериңден, Артыңдан калбай ээрчип барайынчы.Lurianne: Jy's my hele lewe Into My Heart, Into My Heart Да будет свет Sənsiz həyat yoxdur This is your house КУДАЙ-ЈАЙААЧЫ Iza moa io Zazakely Oi Herra, ilo suuri قراءة 1 أتممت وعد الآب
Song not available - connect to internet to try again?