Бүт ааламдын жаратканы Өзүң болуп, Тирүүлүгүң ар бир жанга билдиресиң. Асмандан жердегиге кубат берип, Сен Өзүң табышмактуу бекинесиң. Оо, Теңир, бул ааламдын Падышасы, Оо, Теңир, бул ааламдын боорукери, Чөгөлөп, мен алдыңда таазим кылам, Оо, Теңир, өмүрүмдүн берекеси. Кечир мени күнөөлөрдөн арылайын, Ыйса Теңир бир Өзүңө табынайын. Сүйүнүчтөн, өкүнүчтөн көздүн жашы Куюлат Куткаруучум кагылайын. Өзүң бол мендеги чын ишенимим, Түбөлүк жүрөгүмдө жаша менин. Жараткан, көргөз эми чындык жолун, Сени ээрчип, Сага келсин сүйгөн элим.БЕЗСТРАШЕН Lo, He comes with clouds qí miào zhī shén تسبيح للرب ạlmjd lk yạ mḥb ạlbsẖr Mulţumim Domnului pentru ziua Блаженства Небо отвори اجذبني وراءك В день торжественный для вас
Song not available - connect to internet to try again?