Даңк Кудайга бардык иштери үчүн, Даңк Кудайга азап-кайгылары үчүн, Даңк Кудайга караңгы түн үчүн, Жакшы да, жаман да күндөрү үчүн! Даңк Кудайга, ыраазыбыз Ага! Татыктуу Ал биздин алкышка! Даңк Кудайга сонун күндөр үчүн, Ар башкача мүнөздөрүбүз үчүн, Капсалаң күндөр, узак жолдор үчүн, Өксүткөн бизди коштошуу үчүн! Даңк Ага камкордук көргөнү үчүн, Кыйынчылыкта жубатканы үчүн, Бизге төккөн мол ырайымы үчүн, Тар жолдо жетелеп жүргөнү үчүн! Жол көрсөтүп, сактап жатканы үчүн, Жазалабай, чыдаганы үчүн, Күнөөбүздү кечиргени үчүн, Эң жакшысын гана бергени үчүн!Мы адрес свой скоро сменим Men Iemniń ulylyǵyn kórem Клонится к ночи день труда Всем умом всем помышлением Menga ilk muhabbatni Динле йюреим динле jạy wdmwʿk ما حياتي جىلقى زۋىلداپ شابادى Oi Jeesus, lähde autuuden
Song not available - connect to internet to try again?