Дыбырап жааса жамгыр, Сергитет сезимимди. Каалгып ак булуттар, Жаркытат көңүлүмдү. Кулаган тамчыларга, Чөптөр да сүйнүшөт. Үлбүрөп назик гүлдөр, Ийилип жүгүнүшөт. Асмандан жааган жамгыр, Арылтсын жерди кирден. Аруулап жууп берчи, Өмүрдү Өзүң билген. Теңирим тазалачы, Элиңди Өзүң сүйгөн. Теңирим тазалачы, Элиңди Өзүң сүйгөн. Ыргактуу шыбырлары, Ырымды коштоп кетти. Жүрөктө бугуп жаткан, Сырымды козгоп кетти. Көчпөй тур булуттарым, Жамгырың тазаласын. Буулуккан көздүн жашы, Кошулуп ага алсын.기뻐해 주를 기뻐해 Илан Христийн улирал Inoyating tʿlyq 8 Dios y reina Das glaube ich ʿly̱ jnạḥy ạlrwḥ ạḥmlny Վեր նայիր إنت مش بعيد علينا
Song not available - connect to internet to try again?