Жаңылансын биздин акыл-оюбуз, Аралашпай бул дүйнөгө жолубуз. Теңир берген мыйзамдарды аткарып, Ыйык жашап, ак баталуу болуңуз. Жаңыланып, эски адатты таштайлы, Ыйса менен жаңы жашоо баштайлы. Жарык болуп курчап турган элдерге Жакшы Кабар айтуудан эч талбайлы. Жаңылансын, көз караштар тазарсын, Теңир жалгап, жакшы ойлор жаралсын. Кылган иштер сүйүү менен коштолуп, Бизди көрүп Теңирибиз кубансын. Жаңылансын, жаңы жүрөк жаралсын, Ыйыктасын, Теңир берсин батасын. Курал болуп Кудайымдын ишине Жашообузда Теңир Өзү даңкталсын.wǒ yào gē sòng wǒ yào zàn měi He Who Would Valiant Be لم ترَ عينٌ Å salige stund uten like يباركك الرب Milostivý, Otče Svätý kẖlạṣ mjạny qrạʾẗ 2 - mn gẖyr ḥdwd În faţa Ta plecaţi noi stăm ạ̉mạ ạ̉nạ
Song not available - connect to internet to try again?