Ишеним менен өз жерин таштап, Кудайдын сөзүн жүрөккө сактап, Ишенимдин атасы аталган Ошон үчүн Ыбрайым. Ишеним менен асманга карап, Улуу Кудайдан керемет сурап, Көп өтпөй Саара уул көрдү, Батасы ага төгүлдү. Ишеним менен Сага карайбыз, Ыйык сөзүңдү бекем сактайбыз, Ишеним менен баарын жеңебиз, Батаңды бер, улуу Теңир, Кайрылат Сага элиң. Ишеним менен пайгамбар Муса Элди чыгарды жаткан кулдукта. Керемети Кудайдын көрүндү, Суу ортосунан бөлүндү. Ишеними ач арстандан сактап, Даниел чыкты Теңирин даңктап. Ишенсек, биз дагы көрөбүз Кереметин Теңирдин. Ишеним менен кулады Улуу Жерихо шаары. Такка отурду Дөөт дагы Ишеними үчүн. Ишеним менен Сага карайбыз, Ыйык сөзүңдү бекем сактайбыз, Ишеним менен баарын жеңебиз, Батаңды бер, улуу Теңир, Кайрылат Сага элиң.Поклонюсь Тобі Ісусе душею я і тілом ʿlwt jdạaⁿ Znáš to more milovania چشمانم را هردم به سوی کوه دوخته ام Я приближаюсь к смерти как к Омеге ربي أدعوك Алелюя Milovať chcem ťa Almasihu, Pa Babba, Kai Ne Dutsen Cetonmu Сен менинг тақдиримга
Song not available - connect to internet to try again?