Жакшы ойлор келсин оюма, Жаман ойлор, турба жолума! Үшкүрүнбөй, беттеп максатты, Үмүтүмдү кармайм колума! Жагымсыздык, кеткен каталар, Эстегенден кетпейт оңолуп. Кечиримдер жүрөк толтурсун, Кекчилдиктер кетсин жоголуп. Азгырык ой, акыл черткилеп, Ашырсам дейт санаа-зарымды. Бирок, менде күчтүү Башат бар, Андан алам керек баарымды. Ал өчүрбөйт үмүт шамымды, Ал куткарган менин жанымды! Каар-заар кээде сүр кылып, Коёюн дейт, күнүм түн кылып. Кемсинүүлөр алыс кеткиле, Кудай коёт баарын гүл кылып. Күнүмдүктү ойлоп жашаган, Байкуштук бул - кандай аяныч. Текеберлер не деп айтса да, Теңирим бар - күчтүү Таяныч.Ó vezmi ruku moji పరమున ప్రభువా Ho bisogno di te Eden Thim Nuoi Ah بعدي عنك rby byḥb ạlạ̉ṭfạl فداني في الصليب ydk ạlmtẖqwbẗ Kristus, Kráľ náš tichý We'll walk in the light
Song not available - connect to internet to try again?