Кайгы тартып кыйналганда, Жол таба албай адашканда, Бир Өзүңө келдим, Ата, Көрүнбөгөн болсоң да. Туңгуюкта калганымда, Күнөөлөргө батканымда, Бар экениң сездим, Ата, Көрүнбөгөн болсоң да. Көрүнбөгөн, көктөгү Атам, Бир Өзүңө сыйынамын мен Жүрөгүмдөн чыккан ушул ыр менен, Бүт ааламды жараткан Атам, Асманды да жараткан Атам, Көрүнбөгөн, көктөгү менин Атам. Жаным, рухум кыйналганда, Алсызданып кулаганда, Умтуламын Сага, Ата, Көрүнбөгөн болсоң да. Өзүң мени куткарганда, Жүрөгүмдү кубантканда, Башым ийдим Сага, Ата, Көрүнбөгөн болсоң да. Сен дүйнөгө келе электе, Ыйса сени тандап алган. Сен дүйнөнү биле электе, Сен үчүн азап тарткан. Сен Ал үчүн эң кымбатсың, Ал сен үчүн жанын кыйган. Сен үчүн аалам жаратып, Баарын сен үчүн кылган. Көрүнбөгөн, көктөгү Ата Батасын мол жаадырсын сага. Жетелесин сени өмүр жолуңда Бүт ааламды жараткан Ата, Адамзатты жараткан Ата, Көрүнбөгөн, көктөгү биздин Ата.Превознесен 왕의 지성소에 들어가 عيون سهرنة عيون حرسانة O, Jezu, zostań z nami Te vagy szerelme Hatak pilbʋsha fehna hosh Éneklem a te jóságod, Uram Keep Your Tongue From Evil كوتەرىلدى شاڭىراق ạ̉bwạb ạljḥym ln tqwy
Song not available - connect to internet to try again?