Кайдасың жаркыган, мен күтүп эңсеген Түбөлүк мекеним, Ата үйүм? Кыялым көкөлөп, бийикке умтулат, Чалкыган асманга кадайм көздөрүм. Бийикте чалкыйт көгүлтүр асман, Катарын бузбай учат турналар. Шаңданып кубанып, аземдүү үн салып, Түбөлүк үйгө сапар алды алар. Булуттар калкыган тээ бийик асманда, Теңирим Машайак күтүп жатат. Жакында жетемин, асманын көрөмүн, Кайрадан көккө кадайм көздөрүм. Билем, Куткаруучум алып кетет мени. Аппак кардай таза Жыйын менен. Бир гана сураарым, жолумда күч берчи, Мен да таза болуп, күтөйүн Сени. Кайырма: Түбөлүк мекеним, таптаза асманым, Кереметтүү өлкөм, Ата үйүм.Славословие ạ̉ḥly̱ mạ fy ḥyạty Tmou svetlo svieti El m-a condus ce glorie ài shì shén me Du Bist Gut بىز مەدھىيىلەيمىز سېنى! Віднови мене Ah! Qu'il est doux pour des frères Azaldan
Song not available - connect to internet to try again?