Кереметтүү курчаган дүйнө, Таанытат мага Теңир Өзүңдү. Жалбырактар ыргалса желге, Кубанат да, шаттанат жүрөгүм. Асманды тиреген тоолоруң, Түрмөктөлгөн аппак толкундар да. Көктө жымыңдаган жылдыздар, Нурун төккөн күн баарын жылыткан. Кудайым, Жараттың баарын Сен! Чексиз кеменгер менин Теңирим! Керемет дүйнөнү көргөндө, Суктанам акылыңа мен Сенин! Кудайым, Жараттың баарын Сен! Чексиз кеменгер менин Теңирим! Керемет дүйнөнү көргөндө, Суктанам акылыңа мен Сенин! Бардыгынан көрөм колуңду, Чебер жасалган ар бир ишиңден, Жыпар чачкан талаа гүлүнөн, Наристенин таптаза жүзүнөн. Досторду да берген Сен Өзүң, Эмгекке үйрөткөн да Өзүңсүң, Ошондуктан каалайм дайыма, Мен чөгөлөп келүүнү алдыңа. Мен Сени даңктаймын, Кудайым, Арнаймын Өзүңө ырларымды. Шооласын жандырдың жолума, Түбөлүк өчпөгөн жарыгыңдын, Кереметтүү курчаган дүйнө, Сенин ыйыктыгыңды жар салат. Кудайым, Куткаруучум менин, Ушул ырым Өзүңө арналат.La foi fait tomber sous nos yeux నిన్ను విడిచి నీ ప్రేమ మరచి yạ ạ̹lhy ạ̹nnạ ʿlmny Вот такой как есть (Я какая есть) Teba, Otče, vrúcne ctíme No en un palacio صلاة yswʿ fy ạlbdʾ ạn ạlạ̉sẖbạl ạ̹ḥtạjt
Song not available - connect to internet to try again?