Кудайсыз дүйнөдө мен жашап келгем, Үмүтсүз, бактысыз, жапаа чеккем. Сүйүүнүн маңызын эч билбестен, Жүрөктө кубаныч жок өмүр сүргөм. Кубаныч берди Кудайым, кубан(а) алам. Сүйүү берди Кудайым, мен сүйө алам. Бакыт берди Теңирим, бактылуумун. Рахаттанып бул жашоодо, шаттан(а) алам. Тынчтык, үмүт Ыйса берди, кубанамын, Түбөлүк өмүр-бекер белек Андан алдым. Ишенем Кудайга, Ыйсага ишенем, Мындай бекем ишенимди Теңир берген. «Тынчтык кайда?» - деп мен издеп келдим, Бул жашоодо шаттанам деп ишенбедим. Бир күнү Ыйса кирди жүрөгүмө, Жашоом толук өзгөрүлдү, аны сездим. Кубаныч алам Кудайдан, кубан(а) алам, Сүйүү алгам Теңирден, мен сүйө алам. Бакыт алгам Кудайдан, бактылуумун, Рахаттанып бул жашоодо, шаттан(а) алам. Өчпөс үмүт, Ыйса берди, кубанамын, Түбөлүк өмүр-бекер белек Андан алдым. Ишенем Кудайга, Ыйсага ишенем, Мындай бекем ишенимди Теңир берген.Stale za Jezisom Иисуса я овца จงชื่นชมยินดีในพระเจ้าทุกเวลา Muńǵa batsam júregim muzdap O, uczyń mnie Panie أحبك أشدو لاسمك llmnthy̱ ạ̉ḥbbtny yà bó lā hǎn suǒ xìn de shén Ry Jehovah, Ray Kiady Теперь наш дом небеса
Song not available - connect to internet to try again?