Куштардын өз уясы бар, Түлкүлөрдүн ийни бар. Теңир Ыйса Машайактын Жайы жок баш калкалар. Жаркыраган сарайында, Жашамак Ал асманда. Жер үстүндө Машайакка Табылбады баш паана. Асмандагы ак сарайын Таштап келген Ал бизге. Айкаш жыгач азаптарын Тартыш үчүн бул жерде. Кызмат кылыш үчүн келди Ал ыпылас дүйнөгө. Күнөө сазга баткан бизди Ээ кылууга өмүргө. Сен үчүн да азап тарткан, Барса экен деп асманга. Ал эшигин кенен ачкан, Кирсе экен деп сени да. Сүйүү менен канча жолу Тыкылдатты үйүңдү. Кенебеген күнөө кулу, Тез ачсаңчы жүрөктү. Кайра-кайра тыкылдатып, Мусапырдай камыгып, Орун таппай жүрөгүңдөн, Ал кетпесин үйүңдөн. Сен үчүн Ал үйсүз болгон, Жаппасаңчы эшигиң. Жүрөгүңдөн күнөө толгон Тапсын Ыйса ээлигин.فوق الجميع نرفع اسمك ạ̉wṣạnạ ạ̉wṣạnạ Iysaǵa kel! More than ever before, Lord I love You! Nitak kanima fehna ho Йюджелтирим Адънъ Будь спокойна о душа Sıkıntılı Gününde Seslen Bana Král slávy Rinati per vincere
Song not available - connect to internet to try again?