Көктөм жамгыр төгүлүп кайра мына Тамчылары чабылат тереземе. Ар жазда күбө болуп келсем дагы, Тунжурап ойго баттым неге, неге? Теңирдин жанга сыйбас азаптарын, Жамынып аалам муңун баратканын. Эстедим жамгыр төккөн ушул күндө, Колунда, бутундагы жараттарын. Мына бул жылуу жамгыр эске салды Шорголоп маңдайынан кан акканын. Жазыксыз төгүлгөнүн ыйык кандын, Боштондук алышы үчүн адамзаттын. Жер бетин каптап анда караңгылык, Колдоочум, жан бергенсиң Сен мен үчүн. Өзүңдөн бийик койдуң биздин жанды, Адамзаттын түз болсун деп түбөлүгүн. Басылып өжөр жамгыр күн жаркыраар, Тирилип Сен кайрадан кеткен сыңар. Өзүңө чексиз менин мактоолорум, Жаркытып өмүрүмдү даңктоо ырлар. Өлүмдүн тебеледиң уулуу күчүн, Тирилип бүт ааламга келдиң бүгүн. Өзүңө жыпар жыттай жазындагы, Аңкысын ар бир күнүм, жашоом бүтүн.Jesosy tena kiady Пусть угасло небо hái yǒu yī chéng Bože, hriechy vyznávame دخلت البيت Lalpa Nasem Hitiu ! Gloria gloria alleluia Buyuk va kuchli Rabbimiz La cruz de mi Jesús de oro ni plata Когда в Твои слова вникаю
Song not available - connect to internet to try again?