Окуганда ыйык сөзүңдү, Куткаруучум менин Ыйса, Сеземин ошондо өзүмдү, Мен топурак бир ууч гана. Сен мен үчүн жүзүм сабагы, А мен болсо бутагыңмын. Өмүрдүн ширесин аламын Сенден, менин Куткаруучум. Ошол шире мага дем берген Сүйүүм жана кубанычым. Жаным жакындан Сени сезет, Ыйсам, менин Куткаруучум. Кээ бир убакта Сенден четтеп, Калганымда бир боло албай, Жаным кайгыга чөгүп кетет, Эч нерседен тынчтык таппай. Ошондуктан менин бир каалоом: Сени менен дайым болуу, Жашоомдогу бардык иштерди Сенин күчүң менен кылуу. Сен мен үчүн жүзүм сабагы, А мен болсо бутагыңмын. Өмүрдүн ширесин аламын Сенден, менин Куткаруучум. Ыйса, жашоомо маңыз берген Өмүр, чындык жана жолсуң. Асмандагы ыйык мекенге Жолду салган Сен болгонсуң. Сен мен үчүн жүзүм сабагы, А мен болсо бутагыңмын. Өмүрдүн ширесин аламын Сенден, менин Куткаруучум.ئاپىرىن ساڭا رەب ئەيسا wqft wnạdtny bṣwt ạlḥnạn Qutqarıp al, Ákejan Per la tua grazia 83-Забур YAŞAMA DAVETLISIN Bila Badai Hidup Menerpamu Rab'be övgüler sun Колыбельная أحببتني ربي
Song not available - connect to internet to try again?