Оюмда жакшы жашап, жыргал турмуш өткөрөмүн. Баарына жетип, эн бактылуу болсом деймин. Жүрөгүмдө жакыным менен бирге болуп, Алдыга койгон максатыма бара жатамын. Көзүмдү ачып, эртен менен ойгономун, Акча кайдан тапсам деп мен ойлономун. Байлык болсо, бийлик болсо, билим болсо, Эң бактылуу адам болом деп ойлономун, ээй! Жашоо жыргалы - байлыкта эмес, Бийликте эмес, билимде эмес. Өмүр бакыты - акчада эмес, Айлыкта эмес, түйшүктө эмес. Кыялымда жыргал турмуш өткөрөмүн, Максатыма жетсем эле болду деймин. Байлык болсо, бийлик болсо, билим болсо, Бул өмүрдүн ырахаты мына ушунда деймин. Төшөгүмдө уктай албай, ойлономун, Максатыма жетпей калсам, эмне боломун. Артка тарткан ушул сыяктуу жаман ойлор, Жүрөгүмө тынчтык бербей, уйкум келбейт, ээй! Айтчы, адам, каякка мен бара жатам? Айтчы, качан, бактымды мен кайдан табам? Байлыктанбы? Бийликтенби? Билимденби? Мейли жетсем, эн бактылуу бол(о) аламбы? Байлыгым бар, бийлигим бар, билимим бар. Каалашымча кымбат баалуу кийимдерим бар. Ошентсе да, жөнөкөй эле адам сыяктуу, Бай адамдын да акыры бара турган жери бар, ээй!ۅزۉڭسۉز تۉيشۉك قايعى تولعون Vence en mi bạgẖny byn ạlnạs Боже о помоги мне и успокой Batu Penjuru G'reja وحدك Le origini dell'uomo Чудната река Идет к тебе Странник и в дверь стучит All will be well /Southgate
Song not available - connect to internet to try again?