Пенуэлден күн чыккандай Жакыпка, Голготадан мага күн чыкты, Турганымда мен Теңирдин алдында, «Аткарылды» - деген үн чыкты, «Аткарылды» - деген үн чыкты. Аткарылды! - айыктым мен оорудан, Сергий түштү ички дүйнөм ооруган, Тирүү Сөздөн жүрөгүм да тирилди, Жан киргендей жалбыракка соолуган. Жалбыракка соолуган. Айыгуу бар чындык Сенин сөзүңдө, Жаралуу бар Сенин ыйык үнүңдө. Сени менен биригүүмө ишенем, Асмандагы алтын такты үйүңдө, асмандагы алтын такты үйүңдө. Аткарылды! - арылдык биз күнөөдөн, Кургак сөөктөр Өз демиңден тирилген. Ар бир элден, ар бир тилдин алдыңда, Маңдай тескей турганыңа сүйүнөм. Аткарылды! - дүйнө бизден бөлүндү, Аткарылды! - Ыйык Рухуң төгүлдү. Аткарылды! - булут минип биз үчүн, Келе жаткан Ыйса Теңир көрүндү, Ыйса Теңир көрүндү.Мән Саңа шүкүр ейтимән NAD VŠETKO SI TY Necha marta Xudoim kechiraman ۅزگۅربۅس، ىشەنىمدۉۉ Božia svätá láska YE MUST BE BORN AGAIN ШАҺЫМЫЗ! ӘН УҸА ОЛАНСАН شكرًا لله الذي يقودنا Za dílo Tvé Туж умой
Song not available - connect to internet to try again?