Кудайдан куттуу күнү кубат алам, Кулпунуп чыга келет мага аалам. Кур кыял, аракетке алаксыбай, Кушубак көңүл менен Сага барам. Барам да, тилек тилеп, тизе бүгөм, Катчудай өзүмө өзүм жибек жүгөн. Өзгөчө өкүндүрөт өтмүштөрүм, Өзүмчө адам болуп жүргөнсүгөн. Теңирим, сүйүүң менен жарык кылып, Олдоксон ойлорумду каныктырып, Карматтың Tүбөлүктүн төп ачкычын, Өзүмө Өз өмүрүң салып туруп, салып туруп. Мен эми Жүзүмзардын жүзү болуп, Мезгилдин түшүм берер күзү болуп. Төгүлүп төшөлөйүн, Жаратканым, Жолдордун Сага барчу түзү болуп. Ак жашап кир дүйнөдө мөөнөтүмдү, Актасам экен, Ата, мээнетиңди. Канакей, көр дүйнөдө көкөлөтүп, Көрк бере жазган болсом Дөөлөтүңдү!ṣwtẗ ạlḥlw Hayotim toʻlqinlarida 2 Kai Ne Ubanmu, Gare Ka Mun Zo Bu gece, Allahım О юность светлая моя Sua Justiça Prevalecerá Yet Before We See Your Plans Nech sa všetci svätí radujú zas عينيك علي يا فادي بىزگە بۇل كۇندى، قۇداي جاراتقان
Song not available - connect to internet to try again?