Сөзүңдү алдым колума Шам болуп жанган жолума. Алсырап жаным кыйналса, Күч-кубат берет боюма. Теңирдин сөзү ырысым, Күнөөгө каршы кылычым. Таш болуп каткан жүрөктөр Сөзүңдү окуп жибисин, Муз болуп калган көңүлдөр Аларды окуп эрисин. Сөзүңдү окуп күч алам, Сөзүңө муктаж ар адам. Жол кылып аны бейишке, Адашпай Сага бара алам. Сөзүңдү бердиң бизге Сен, Суу кылып ичем чаңкасам. Теңирим, Сөзүң болбосо, Өмүрдү билбей адашам. Теңирим, тирүү сөздөрүң Жүрөккө дайым сүйлөсүн. Таш болуп каткан жүрөктөр Сөзүңдү окуп жибисин, Муз болуп калган көңүлдөр Аларды окуп эрисин.Desert Soul Grandi cose ha fatto il Signore حول عيني Свои колени Ja túžim viac ạ̉ḥbbtny Гюджюм Сенсин Иса Comme un cerf altéré brame kạn ṣạḥby ạ̉smh smʿạn Rәbbә Hәmd Edirem
Song not available - connect to internet to try again?