Теңир менин үлүшүм, менин мурасым, Сен менин тагдырымды кармап турасын. // Үмүт менен сыйынам Өзүңө күндө, Жооп берип, калтырбай, үнүм угасың. // Мага акыл үйрөткөн даңктайм Теңирди, Жарык кылып, көрсөткөн келечегимди. // Мен ар дайым алдымдан көрүп турамын Ырыс-дөөлөт төгүлгөн кутман жеримди. // Тагдырыма келдин да, мени сынадың, Төгүлгөндө, чачылганда, оңдоп курадың. // Канатыңдын алдында калкалап, сактап. Үзбөй, созбой, учугумду кайра уладың. // Ошондуктан шаттыкка толуп жүрөгүм, Аткарылат максатым, аны билемин. // Карангыда карайлап жүргөн адамга Калп айтпаган ооздон Өзүң сүйлөгүң. // Даңктайм Сени, Теңирим, даңктаймын Сени. Күнүм бүтүп калганча мактаймын Сени, // Текеберлер жамандап, күнөөлөшсө да, Жүрөгүмө бекемдеп, кармаймын Сени. //有一条小路 Ҝорурем езабларини yạ mn ạḥtwytny Festa Бүх хүмүүс Их эзэнээ شام خداوند Le Tue dimore Рəббə јени бир илаһи охујун сиз, инсанлар Cinste, slavă, mulţumire Ţie Масиҳ сен учун келган
Song not available - connect to internet to try again?