Теңир, Сен көптөр үчүн уламышсың, А мен үчүн жашоомдун жарыгы. Сен мага Дос болгон күн ошондогу Кымбат мага, бакытым табылды! Сен өмүрүмсүң, башка бакытым жок, Сенсиз мен эчак, эчак өлмөкмүн. Сага ишенип, жарыкка келдим мен, Сенден таптым маңызын өмүрдүн. Жөлөнгүм келет Сага, Теңир, бекем, Сен күнөөкөргө тынчтык бергенсиң. Бирок шайтан жүрөктү жаралантат, Ошондо, Ыйса, мага керексиң. Күнөө менен күрөштө аз таянып, Кечир, Ыйса, кейитсем Өзүңдү. Кайра чыйыр жолуңду издеп табам, Суранам, калтырбачы өзүмдү. Кайгы басып, жалгызсыраймын чөгүп, Көрбөй калсам Өзүңдү алдымда. Суранам, Теңир, алыс кетпесеңчи, Мен үчүн жүрөгүмсүң кагылган. Ыйса Теңир, Сенде менин үмүтүм, Колуңду бер мага сүйүү менен. Коркунучтуу жолдон жетелеп өткөр, А мен жашайын бир Өзүң менен.El Victorioso vive en mi رحمة كثيرة O Tuhanku, 'Kau Datang Ke Dunia Шаттан әрдайым Құдайға! Хочу подняться Миний хамгийн агуу зуйл mḥtạj lạ̹ydk Chwal Go, chwal أنا محتاجك 我好像一只笼中的小鸟
Song not available - connect to internet to try again?