Теңирим, келемин тизе бүгүп Сага, Бүт муктаждыгымды таштайм бут алдыңа, Сактайсың мени жашоо бурганагында, Бүт өмүр жолум айкын Сенин алдыңда. Теңирим, сүйүүмсүң Сен менин, Аска-зоом менин, жөлөнөрүм, таянар тирегим, Теңирим, сүйүүмсүң Сен менин, коргонор сепилим, Калкаларым бир Өзүң, ыйык чебим. Коркпоймун Сени менен өлүм сүрүнөн, Асманга барганда, тынчтыкка бөлөнөм. Жүзүмдү аарчыйсың Сен көз жаш төгүлгөн, Бир Өзүң катамды кечирген, түшүнгөн. Даңктай берем жашоомдо запкы тартсам да, Сени күтүп ырдайм жан-дилден дайыма. Билем, келесиң Сен, жолугам жакында, Көтөрүп аласың Жыйынды жаныңа.mstr ʿnh ạlwjwh Ey arkadaş Göklerin Egemenliği Böylelerinindir Yücelik lmạ ạ̉kwn tʿbạn ạ̉rwḥ lmyn Ёрону дӯстони гиромӣ ба по шавед بلا لف ودوران Теселли Кайнаъмсън ạ̹kẖtbạrạt ạlmw̉mnyn Ikki dunyo
Song not available - connect to internet to try again?