Теңирим менин жанымда, Үнүмдү угат дайыма. Кайгырсам сооротот мени, Чөгөлөп келем алдына. Мээримин төгүп Теңирим, Жетелейт кыйналганымда, Сүйүүгө чулгайт жанымды Теңирим. Үмүтүм, Теңир, Өзүңдө, Баа жеткис акыл Сөзүңдө. Кай убак болсо кайрылып, Кубаныч алам Өзүңдөн. Сырымды эч ким билбеген Билесиң, Теңир, билесиң, Жанымды сооротуп Өзүң, Теңирим. Падышам, менин Теңирим, Күтөмүн Сенин келишиң. Күнөөнү билбес бейишке Ашыгат, Теңир, жүрөгүм. Жанымда, Теңир жанымда, Үнүмдү угат дайыма. Күтөмүн Сенин келишиң, Теңирим.Come and Fill This Place حولك نجتمع يسوع Исо, Туи нону, ҳам чашмаи ҳаёт Мы готовим путь Cand aud în depărtare Ich sag Jesus Ты – Царь извечной славы Köszönömök ИЗДИГНИ РЪЦЕ 奇妙的创造
Song not available - connect to internet to try again?