Улуу Кудай, ааламдын Ээси, Асман менен жерди колуң жаратты. Улуу Кудай, жанымдын Ээси, Мени куткаргансың, сүйөмин Сени. Даңазалайм Сени Ыйса Теңир, Ар бир жүрөк келип Сага табынсын. Даңазалайм Сени Ыйса Теңир, Сүйгөн элиң келип Сага табынсын. Улуу Кудай, даңктоонун Ээси Ырлар Сага арналсын, жаңырсын дайым Улуу Кудай, мээримдин Ээси Кучагыңа алдың түбөлүк мени. Касиетиң бийик, баарынан улук Табынамын Сага жүрөгүмдү ачып Берчи даамду сүйүүң суулардан туунук Мээримиң төгүлсүн кучагың жайып. Улуу Кудай жеңиштин Ээси Өз Рухуңду берип жаңырттың мени Улуу Кудай өмүрдүн Ээси Жарык нурун чачып батаңды берчи. Даңазалайм Сени Улуу Кудай Ар бир жүрөк келип Сага табынсын Даңазалайм Сени Жараткан Кудай Сүйгөн элиң келип Сага табынсын.Мадақтаймын мен Сені Medley-Jesus jag älskar Dig-Ära ära till Guds Lamm Chcem verný byť باڤِه مَه یي أزمانان Lütfet Bana Псалом 138:15-16 Gilo In Mang Mahleng 谁能为主争战 ln ạ̉kwn lgẖyrk يا رب ما أحلى
Song not available - connect to internet to try again?