Ушул тойго берсин Кудай батасын, Чакыралы бул ааламдын Атасын. Кубанып да, сүйүнүп да тосолу, Арабызда кайгы-капа болбосун. Бактылуу болсун уул-кызы деп, Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге. Кудайымдын эрки менен жүрүүгө, Түбөлүккө бирге өмүр сүрүүгө Жакын болуп, жардам берсин Теңирим, Жарык кылып арасында элимдин. Бактылуу болсун уул-кызы деп, Сураналы бүгүн Кудайдан бирге. Тоюңарга той улансын алдыда, Ортоңордо болсун сүйүү дайыма. Келечекте эрки болуп Теңирдин, Учуп чыксын колуңардан наристе. Ыймандуу болсун уул-кызы деп, Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге. Ишенимдүү бир-бириңе болууга Акыл берсин үй-бүлөлүк турмушта. Зор сүйүүңдү баалап Сенин, Теңирим, Жүрсүн алар Өзүңдүн ак жолуңда. Ыймандуу болуп биздин эки жаш, Ынтымактуу өмүр сүрсүн дайыма.yạrb ạ̉nt ạ̉bwnạ Песня на жатву Һəр заман горху ичиндə бу дүнјада јашајырдым jrạḥ ḥbyby Vďaka, Ježiš, vďaka za dnešný deň Isten báránya నీ చేతి కార్యములు సత్యమైనవి ممتن لك Yesu Mu Ke So Don Ya Cece Mu Inima mi-e gata să-Ţi cânte-o Domnul meu
Song not available - connect to internet to try again?