Чөгөлөп келемин алдыңа, Өкүмдарым, Өтүнүч, тилегим уга көргүн, Ата. Чөгөлөп келгенде жүрөгүм угат анан Мээримдүү үнүңдү Өзүңө чакырган. Чөгөлөп келгенде жүрөгүм угат анан Мээримдүү үнүңдү Өзүңө чакырган. Чөгөлөп келгенде, ачылып бүркөк асман, Түбөлүк жапжарык жайыңды көрөмүн. Жан дүйнөм жай алат чулгаган жарыгыңдан, Талпынып күч алат, канат күүлөйт кайра. Жан дүйнөм жай алат чулгаган жарыгыңдан, Талпынып күч алат, канат күүлөйт кайра. Чөгөлөп келгенде, көрөмүн айдан ачык Адашкан күндөрүм, адашкан жолдорумду. Ыйсанын ар качан төккөнүн күндөй жарык, Тажабай кечирип, сунганын колдорун. Ыйсанын ар качан төккөнүн күндөй жарык, Тажабай кечирип, сунганын колдорун. Чөгөлөп келемин алдыңа, Өкүмдарым, Жүрөгүм Өзүңө тартуу кыламын, Ыйса. Мээримдүү үнүңдү угамын көк асмандан. Сүйүүнүн добушун Өзүңө чакырган. Мээримдүү үнүңдү угамын көк асмандан. Сүйүүнүн добушун Өзүңө чакырган.هلموا نودع عهدا مضى نصيبي هو الرب Ngaitie Kalvari-ah Я РАБ Сана Шюкретмек Əncir ağacı bar verməsə də Bergsig: What a Beautiful Name О Господь Ты так прекрасен Ajoyib inoyat Гел Кутсал Рух Даниелын дуу
Song not available - connect to internet to try again?