Ыйса тийип сезимимдин кылдарына, Ырга толот жүрөк шаңдана // Дагы бир ыр бул дүйнөгө жаралды, Бак бергендин урмат-сыйына. // Ал жөнүндө жазда жашыл бакча ырдайт, Аны даңктап түркүн куш сайрайт. // Ал мага берген түгөнбөс өмүрдү, Сүрөттөөгө жаным сөз таппайт. // Жыпар жыттуу гүлдөгөн талаалар да, Тургансыйт Андан салам айтып. // Дүйнөлүк көз караштарды калтырдым, Жүрөгүмө сүйүүсүн катып. // Анын ыйык, залкар, чексиз сүйүүсүн, Көз чаптырып, бүт жерден көрөм. // Теңиримди мени таап алганы үчүн, Чын дилимден берилип сүйөм. // Ыйса тийип сезимимдин кылдарына, Ырга толот жүрөк шаңдана. // Жашоо бүткөнчө ырлар да бүтпөсүн, Бак бергендин урмат-сыйына. //Sevgilim binlerce ạḥky yạ syf 영광 가장 높은 곳에 Gece Ateşim Gündüz Bulutum Sub ochiul sfânt al Tatălui din cer Modlitba yé hé huá yào chán guǒ tā de bǎi xìng Non senti la Sua voce Ојан, еј халг, вахт чатыбдыр Сән - һаят нәпәсим
Song not available - connect to internet to try again?