үйдөн кетип, баарын кечип, алыска кеттиң. Жыргал издеп, эч максатсыз сен жерди кездиң. Күнүмдүк кумарлар үчүн жоготуп баарын, Адаштың бекерге, жылдар да өттү. Кайрылып кел, кайрылып кел, түн жакын калды. Кайрылып кел, унутпастан күтүшөт баары. Кайрылып кел, кайрылып кел, калбачы түнгө, Кайрылып кел, уулум, үйгө. Самтыраган байкуш болуп, сен үйсүз калдың. Малай болуп, мал кайтардың, ач болду кардың. Эстесең сен өз үйүңдө өткөн жылдарды, Эрксизден куюлат көзүңдүн жашы. «Кайтып барсам кайра, атам кечирер эми. Тизе бүгүп жалбарсам, ал кечирер мени. Эч болбосо кабыл ал деп, кул катарына, Кайтып барам ага, мен өз атама». «Мына бүгүн уулум келди, уккула баарың. Кайтып келди, күнөөсү жок эми эч анын. Менин үйүм, бүт мал-мүлкүм аныкы болсун, Өткөн азаптарын ал бүт унутсун».Севгийле Гелдин Бана Славім, вывышаем yạlly bṭwl ạlrḥlẗ mʿyn ТИ СИ БОГ بحب يسوع لأنه بيحميني Bir Rabbim bor Лише Ісус Weeping will not save me /None but Jesus Carillon Това да ми е мъдростта
Song not available - connect to internet to try again?