Өмүрдү бердиң мага максат менен, Берилип ишенимиң актап келем, Берилген буйругуңду аткарам деп, Бир гана Сен үчүн мен жашай берем. Баш ийем Сага гана Жаратканым, Баарлашып баштаймын ар бир таң атканын, Баарынын кызыгы жок Сен болбосоң, Бир гана Сенден тынчтык табат жаным. Бир гана Сен жашоомду азат кылган, Бир гана Сен дайыма мага мыйзам, Бир гана Сен ырайымдуу күчүң берген, Бир гана Сен чындыксың, алга жылган, Бир гана Сен Өзүңсүң берген чыдам. Билбеймин не күтөөрүн эртең мени, Баратамын чын дилимден ээрчип Сени. Жашоомдо Сенин эркиң аткарылсын, Бир гана тилегеним ушул менин.nsẖkr rbnạ Tapınağın Gibi Yap Beni Тәңір мені жаратты في خضوع للإله Più di te Presto molto presto يا كنيسة قومي وسبحي Йюреимде Ъшък fy ṭryq ạljljtẖẗ A remény zarándokai
Song not available - connect to internet to try again?