Алыс сапар, узак жолдор алдыңда күтсө, Коштошуп сен чыгар кезде ойго чөмүлбө. Накыл сөзгө кулак салып, уккун кеңешти, Өлүп жатат далай жандар сакта өзүңдү, сакта өзүңдү. Алыс сапар, узак жолдор алдыңда күтсө, Билбей кайда барарыңды кайгыга батпа. Кайда болсоң, Теңир даяр жардам берүүгө, Анын сунган колун түртүп, эшигиң жаппа, эшигиң жаппа. Эгер сени күтсө жолдор белгисиз жакка, Жүрөктөгү ишенимди сен бекем сакта. Жыгылганга жардам берип кайра турууга, Жакшы Кабар айтып бергин, ичиңе катпа, ичиңе катпа. Жашоо өзү зор деңиздей, толкуну урат, Кыйынчылык башка түшсө, үзбөгүн күдөр, Кудайды күт, сага жардам берүүнү каалайт, Эгер сени күтсө жолдор, кайгылуу күндөр, кайгылуу күндөр.Padáme na svoju tvár Senza te Так долго так долго искала сокровищ на этой земле Henos En Tus Huestes Senor hl jrḥ ạlrb yswʿ Alqış alqış Если скроем мы любовь ترنيمة جديدة A small little thing Приди же
Song not available - connect to internet to try again?