Күчтүү койчу ээрчиткендей, Мени Өзүң жетеле. Жайыттарың берекелүү, Мөлтүр булак, бетеге. Куткаруучум, Куткаруучум, Мен үчүн Сен кан төктүң. Жерде мага жан жолдош бол, Балдарыңды кайтарчы. Жерден бейишке өткөрүп, Адашканды сактачы. Куткаруучум, Куткаруучум, Сен күнөөмдү кечирдиң. Убадаң боюнча Сенин Мага кылчы ырайым. Адашканда жол көрсөтүп, Калтырбачы ылайым. Куткаруучум, Куткаруучум, Өзүң менен болоюн. Осуятыңды сүйгөндөй Момун жүрөк бере көр. Мени сүйүүгө үйрөтүп, Сүйүү толгон жашоо бер. Куткаруучум, Куткаруучум, Мени жалгыз калтырба.Бъракма Бизи Кору Бизи I am a new creation bḥyạty zy mạ hy Бил ли си омит в Кръвта ạ̉tynạ ạ̹lyk SEND THE GOSPEL LIGHT qwl yswʿ In The Name of Jesus Sto sognando TAKE ALL OF ME
Song not available - connect to internet to try again?