Чын жүрөгүмдөн Сени, Теңирим, даңктаймын, Өмүрүмдү Сага арнаймын. Алоолонуп, жүрөгүм Сага жалындайт. Кымбатым менин, Теңирим. Теңирим, кымбатсың мен үчүн, Эң жакын досумсуң. Сырдашып күнү-түнү Сени менен, Атанын жүрөгүн билейин. Кыйынчылыкка туш болгондо, Сага келем, Мен үчүн кам көрөсүң. Мени менен чогуу кубанып, кайгырып, Чыныгы менин досумсуң. Теңирим, таянамын Сага, Сооротуучу Кудайым. Кыйынчылык болгондо, дайым жанымдасың, Ар убак тынчтык бересиң. Ырайымдуу Теңирим, Сени даңктаймын, Түгөнбөгөн ырайым бердиң. Бул дүйнөдө жарыгың болуп жаркырап, Жарыгыңда жашаймын. Ар дайым Сени издеп келем, Убадаң боюнча, Теңир. Чын жүрөгүнөн издегендер табышат, Такылдатканга ачылат.Сиынуды үйретші Тәңірім Tezliklə gələcək ده جماله بارع بارع Ҳар куни ибодат қиламан Hallelujah Иисус Ты здесь Помоги О Ти, Веселбо, на моята душа Velona Jesosy Fiume di vita
Song not available - connect to internet to try again?