Ыйса менен дайым бактылуумун мен, Ыйса менен чарчабаймын эмгектен. Жан сырымды ача аламын мен Ага, Ишенимдүү Досум болду Ал мага. Кандай бакыт досу болуу Ыйсанын, Сөз жетпейт мактоого Анын сапатын. Аны менен гана жаным кубанат, Ыйса менин Досум баарынан кымбат. Ал Досум мага сүйүүсүн арнаган, Ал Досум мени өлүмдөн куткарган. Далилдеп сүйүүсүн айкаш жыгачта, Ишенимдүү Досум болду Ал мага. Кыйышпас дос болдук түбөлүккө биз, Бейиштеги шаарга чогуу жетебиз, Жетелеп баратат жолдон чыгарбай, Ал жакта кубанам койнума батпай.Röpke fohász قۇداي ۉنۉنۅ قۇلاق سال، قىزماتقا ال چاقىرات Ты мой Царь Ты мой Бог Исо Сен менинг Раббим ليس مثلك حبك أنا أنا الرب Insieme أنا اللي ضليت في الوادي Ja nechcem, aby moja cesta Дочь Сиона
Song not available - connect to internet to try again?