Ырайымы Теңирдин бизге төгүлдү, Кыйынчылык, сыноолордо Теңир көрүндү. Таттык Анын зор тынчтыгын жүрөгүбүздө, Канча ирет тургузганы Анын төгүнбү? Жүрөк таза, дилиң ак. Жаның даяр болсунчу. Келет Теңир аз калды, Шамдарыбыз, шамдарыбыз күйсүнчү Жашообузда канча ирет төккөн батасын, Аяр карап, биле алдыкпы анын баасын? Мүдүрүлүп ылдыйга жыгылган кезде, Теңиримдин сездикпи жөлөй калганын? Бизде болду кубанаарлык ийгилик, Жарышып биз кылдык далай кызмат биригип. Ошол кызмат ким үчүн, кимге арналды? Калган жокпу китебинен Анын чийилип. Ааламдагы кабарлар тастыктап турат, Ар бир сөзү Теңирдин ишке ашкан убак. Теңиримдин келерине аз эле калды, Кана, Жыйын, даярсыңбы, колуңа ал чырак.Quando io griderò Коркма, Йълма SAZUK BANG Modlitba v poušti Jesus älskar alla barnen Señor Eres mi Pastor tạ̉ml 3 In majesty He will come lmạdẖạ ạ̉tkl ʿly̱ bny ạlbsẖr Gjør døren høy, gjør porten vid
Song not available - connect to internet to try again?