Эң сонун биз бирге сыр чечишип, Теңирди чогулуп даңктасак. Кайгыны чөкпөстөн жеңип өтүп, Үмүткө таянып жашасак. Эң сонун, жүрөгүң таза болсо, Эң сонун, жаман ой болбосо. Эң сонун, чынында не бир сонун, Жүрөккө бейкуттук орносо. Эң сонун, жан дилиң, ой, санааңды Бүт бойдон Ыйсага тапшырсаң. Эң сонун майданда тайманбастан, Ырыңда айткандай жашасаң. Эң сонун, өмүрдүн бороонунда Жан дүйнөң эрксизден термелсе. Басчу жол тикендүү, татаал болуп, Өмүрүң коогалуу сезилсе. Эң сонун, Ыйса менен ар качан, Ал сенин жүгүңдү көтөрөт. Эң сонун, жүрөктү Ага ачсаң, Ал - Досуң, бардыгын түшүнөт. Эң сонун! Кудайда бактылуубуз! Ал бизди эч качан калтырбайт. Өмүрдүн тикендүү, тар жолунда Кадамың ар дайым алгалайт!พระเยซูพระองค์ฟื้นขึ้นจากความตาย ḥkạytnạ dy kạnt zmạn Word in me باندهاش وإعجاب Бог - Ты жизнь Geyik Akarsuları مع إن ఎంత మధురము యేసుని ప్రేమ كىم باارىن جاراتقان: دەڭىزدەر، كۅلدۅردۉ؟ Reinige mein Herz
Song not available - connect to internet to try again?