Сен менин тирүү суум, мүрөгүмсүң, Сен менин баш калкалар түнөгүмсүң. Сен өмүр берген үчүн, мен бармын да, Сен менин согуп турган жүрөгүмсүң. Сен менин даңктап айтаар күбөлүгүм, Сен менин камсыз кылдың түбөлүгүм. Сен жөнүндө сүйүнчү айтам өмүр бою, Сен гана даңазалап жүрөөрүмсүң. Сен менин Падышалык асманымсың, Сен менин үмүт толгон ак таңымсың. Сен мени дайым актап, коргоп турган, Сен менин айтып бүтпөс дастанымсың. Сен менин бийиктигим, тереңимсиң, Сен менин зарылдыгым, керегимсиң. Сен мени кунум төлөп сатып алган, Сан, салмак чак келбеген Белегимсиң. Күнөөлөрдү кечирип, жууп турган, Түбөлүктү белекке сунуп турган. Теңдешсиз, кереметтүү, касиеттүү, Түбөлүк таазим Сага, Теңир Ыйсам.flnsbḥ ạlrb The shepherds came to, see the baby О как стыдно дни те вспомнить mn qlb ạljb qlby ạlkẖfạq Když to víš, že jsi spasen Aleluja Он явил нам Свою силу Tu sei il nostro Dio O Panie weź serce me
Song not available - connect to internet to try again?