Жалгыз ирет жашайбыз, өтөт баары, Аяктайбыз анан бул өмүрдү. Ушул кыска убакта даңктап Аны, Жашайлы даңктоо үчүн Теңирди. Эмне менен эми кайтарып берем? Арнадың мага толук Өзүңдү. О Теңирим, мен үчүн жанын берген, Мен да кантип арнабайм өзүмдү?! Бул жашообуз өтөт учкан куштай, Жалгыз гана түбөлүктүү Кудай, Жалгыз гана түбөлүктүү Кудай! Бир берилген өмүрдү өткөрбөй кур, Чакырат Теңир, көңүлүңдү бур. Билбей берген жыргалдарын Кудайдын, Канчалары сурашат ырайым. Кызмат кылып калгыла, өтөт баары, Өтө аз күндөр калды алдыда. Бекер жашай бербей, тургун сен дагы, Кантип келесиң сен сот алдына?Fear Not La tumba le encerró Intr-o zi cand va reveni Дајанмышам бу јердə мəн + Ты нужен мне THE HOLY CITY Из праха коры земной Ты создал меня Viaţa-i ca un tren de munte Il profumo della lode Ty jsi se mnou rby mạ ạ̉ʿẓmk
Song not available - connect to internet to try again?