Жалгызсырап, жаным жай таба албай, Кыйналдым тынчтык издеп жүрөккө. Буулугуп ыйлап, айламды таппай, Тезирээк кетсем деймин үйүмө. Келем кайра алдыңа, Атаке, Жалгыз Өзүң түшүнөсүң баарын. Туш-туштан азгырыктар келгенде, Каршы туруу болду абдан кыйын. Кечирчи, Теңир, муздак болуп калдым, Жалындап күйбөй калды чырагым. Жетектечи Өзүң, мен али жашмын, Колдоруң үстүмдөн алынбасын. Менден алыстабачы, суранамын, Сени менен баарына чыдаймын. Өзүңдөн гана тез жардам аламын, Өзүңдү гана даңктап ырдаймын. Ишенейин үнүмдү угарыңа, Кечикпей келериңе жардамга. Ошондо кыйын күрөштү унутам, Капа болбой, тынчсызданбай калам.Ти є тут просто серед нас الفترة الحادية عشر Ай Йине Ми Бен Указан путь им был звездой Krista A Dinga Pasalpha К Тебе Господь взываю я в этот час On Jeesus mulle rakkahin Պարզած Ձեռքերս Հանձնվում Եմ Քեզ Dotknij Panie moich oczu Я хочу быть в огне
Song not available - connect to internet to try again?