Өмүр кыска жайкы түндөй, Көз илинсе, таң атып. Калып калба кыяматтын Кайыгында адашып. Кайрыл, тууган, кылчайбастан, Ырайым болуп турганда. Эртеңиңди биле албайсың, Кечигип, оюң бурганда. Чыркыратып тозок оту, Жалмап кетип жүрбөсүн. Кымбат көргөн жакындарың Күкүрт көлдө күйбөсүн. Убакыт тар ойлонгуча Мезгил күтпөйт закымдап. Акыр заман келип калды, Байкадыңбы, жакындап? Теңир сөзү орундалат, Ыйык китепте жазылган. Дүйнө өтсө да, Сөзү өтпөйт, Осуяты айтылган.Не раз не два мой утлый челн Zamon oxirlab qoldi أيا مدينة السلام Jak prędko dolała do mety swej grot Dupa cum este scris دايماً بسأل نفسي Grace there is my every debt to pay Tanrı Bizde Etkin Másihtegi azattyq Баярын дуу сонсогдож
Song not available - connect to internet to try again?