Арманын адамзаттын айтып бүтпөй, Түгөнгүс дастандарды жазып өткөн, Акындар ыр саптарын чубуртушуп, Дүйнөдөн арман менен алар кеткен. Чынында арман ырын ким угат? Шорголоп аккан жашты ким тыят? Жүрөктүн муңу бар да, сыры да бар. Айткыла, даанышмандар, бакыт барбы? Жазылып сан кыргыздын жүрөгүндө, Кармаштын эчен түркүн тагы калды. Илгертен адамзатка мүшкүл салган, О тууган, нечен кармаш тагы калды. Жүрөктөр сыздайт дале, сыздайт боздоп, Негедир таба албай тынчтык, бакыт. Жүрөктөр ыйлайт дале өксөп-өксөп, Дүйнөдөн чындык таппай, көзү катып. Адамдар чындык таппай адашабы? Чындыкты жалган менен алмашабы? Энесин бала урду ыйман кетип, Абийирин кыз унутту, баарын кечип. Далайлар бакшы болду баш айланткан, «Ак жолго түштүң» дешип, «ак ур» дешип. Адамдар чындык билбей адашабы? Чындыкты жалган менен алмашабы? «Ушу, - деп, - рух азыгы», малаан байлап, Чырпыкты өстүрбөстөн бууп салды. «Өлөрүң, ата, сенин аз калды», - деп, Баласы өз атасын кууп салды. Адамдар чындык билбей адашабы? Чындыкты жалган менен алмашабы? Адамдан пейил кетти, ыйман кетти, Кыскасы, күнөө толду жер бетине. Күнөөдөн арылта алар бир Теңир бар, Ырайым, өмүр берер жүрөктөргө. Адамдар бул чындыкты кабыл алса, Жүрөктөрүн Теңирге арнай алса. Адамзат, Куткаруучуң Ыйса экен. Окугун Инжил, Тоорат, Забурду сен. Жүрөктүн күнөө толгон катмарларын Тазартат, Ыйса гана өмүр берет. Чындыкты табат адам Ыйсадан, Өмүрдү алат адам Ыйсадан.Би бүх амь амьдралаараа Ya Yesu, Ruhunka Kaɗai Zai Juye Zuciyarmu Аппақ қардай Ақ болып Track 7 Qudaı bárin jaratty Let Praises Rise Ritorna anima mia لما تنتهي الحرب Raisonao, ry Tompo soa Su quel colle fatal (Rozza croce)
Song not available - connect to internet to try again?