Сыйынганда, сыйынганда, Кудай менен сүйлөшөм, Кыйналганда, түн болсо да, уктабастан сыйынам. Жараткандын алдында тизелеп, колум сунуп, Бүт муңумду айтып кайрылдым: «О Кудай, мени уксаң, жалгыз Сенден күч сурайм, Күчтөн тайып, турам алсырап». Сыртта катуу шамал улуп, бурганактайт муздуу кар, Так ошондой бороон каптап, жүрөгүмдү муздатат. Алсыздыгымды сезип, көзүмдөн жаш куюлуп, Мен Ыйсага туруп кайрылдым: «Сен билесиң, Кудайым, жүрөктөгү кайгымды, Туңгуюктан кантип чыгамын?» Бул турмушта кыйналбаган, оңой жолду издебейм, Мейли болсун кыйынчылык жана кайгы чөктүргөн. Суранарым бир гана, дайыма сезип турсам Сенин кудуреттүү колуңду. Чырмалышкан жолдордон, айыгышкан жоолордон Өзүң сууруп чыгасың, Кудай. Сыйынганда, сыйынганда, ыраазы болуп кубанып, Даңктайм Сенин мээримиңди жана чексиз күчүңдү. Күч кеткенде алсырап, алсыздыкка алдырып, Мен жыгылдым каршы тура албай. Жүрөктөн чыккан күйүт Сага жетти, Кудайым, Сыйынып, Сенден кубат алдым.Manusia yang Meluku Name Above All Names أنا حي بيك Sláva Bohu [Milo] حالا تعالوا الى المسيح Ах эгч дүүсийн баяр Түшүм майрам - күз майрам Noi innalziamo Te Зцілить Бог душу kẖlyny ḥr
Song not available - connect to internet to try again?